Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:44

Ирактын түндүгүндө жаңылыш октон 18 киши ажал тапты


Аталган аймакты бийлеген Курдистандын Демократиячыл партиясынын өкүлү Хошияр Зебаринин билдиришинче, америкалык согуш учактары АКШнын атайын күчтөрүнүн жана күрт аскерлеринин биргелешкен кербенин бомбалаганда, дагы 45 адам жарадар болду.
Зебари "күрт аскерлери набыт болду" деп билдирди, америкалык тараптан канча киши өлгөнү белгисиз. Зебаринин айтымында, бомбалоодо күрдү лидери Масуд Барзанинин бир тууганы да катуу жараат алды.
АКШнын Борбордук командачылыгы Мосул шаарынын жанында америкалык жана күрт аскерлери калпыстык менен бомбаланганын мойнуна алды.
Кечээ ошондой эле Багдаддан эвакуацияланган Орусиянын дипломаттары, анын ичинде элчи ок атууга кабылып, бир нече киши жараат алды. Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Александр Яковенконун сөз кыясында, элчи Владимир Титоренко жапа тарткан жок. Орусиялык дипломаттар бараткан машиналарга ким ок ачканы тактала элек.

XS
SM
MD
LG