Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:04

ТҮРКМӨНСТАНДАГЫ ШАЙЛОО


Жаркын Темирбаева, Прага Түркмөнстанда жекшембиде өткөн парламенттик шайлоо тууралуу учкай сөз кылабыз. Добуш берүүгө шайлоочулардын 89 пайызы катышты деп расмий түрдө билдирилди. Бул шайлоого көз карандысыз эл аралык байкоочулар катышкан жок.

Жекшемби күнү Түркмөнстанда Элдик жыйынга - “Халк маслахатына” жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болуп өттү. Бул күнү көчөлөр Түркмөнбашынын Сапармурад Ниязовдун алтын жалатылган айкелдери жана шайлоого чакырган ураандар менен жасалгаланды. Шайлоо өнөктүгүндө эң жогорку бийлик органы болуп саналган Элдик жыйындагы бош орундарга канча өкүл шайлана турганы жөнүндө расмий түрдө ачык жарыяланган эмес.

Шайлоо комиссиясынын төрагасы Мурат Карыевдин айтуусу боюнча шайлоочулардын 89 пайызы добуш берген. Анын айтымында алыскы шайлоо аймактарына добуш берүү бюлеттендерин салуучу кутулар жеткирилген жана шайлоо жыйынтыгы шайлоочуларды өнөктүккө толук катыштыруу аракеттери жаман болбогонун айгинелейт. Парламенттеги бош алтымыш беш орунга талапкер катары 144 адам катталган. Анын 18ин аялдар түздү.

Шайлоо өнөктүгү тууралуу «Азаттык радиосунун» Түркмөнстандагы кабарчысынын сурамжылоосунан улам, калктын бул өнөктүктөн анчалык маалыматы жок экени айгинеленди.

Түркмөнстандагы шайлоо эл аралык коомчулуктун өкүлдөрүнүн байкоочу катары катышуусуз өттү. Анткени Европадагы коопсуздук жана кызматташык уюму шайлоого чакыртылбаган. Эл аралык уюмдар Түркмөнстандагы шайлоо “Батыш стандартына ылайык адилет жана эркин өтөөрүнө ишенбестигин” алдын-ала билдирген.

“Халк маслахатындагы” бош орундарды толуктоо үчүн өткөрүлгөн шайлоону түркмөн оппозициясы да сындады. Курамына президент Ниязов өзү, вице-премьер министрлер, министрлер, облустар менен райондордун акимдери, бийлик тарабынан дайындалган аксакалдар, улуттук азчылыктардын жана диний жамааттардын өкүлдөрү кирген “Халк маслахатын” оппозиция Сапармурад Ниязовдун “чөнтөк органы” деп эсептейт. Себеби, Элдик жыйын жылына бир ирет же президент Ниязовго маанилүү чечимдерди кабыл алмак болгондо гана чогултулат. Түркмөн оппозициясы элдик жыйын мыйзам долбоорлорун өз алдынча сунуш кыла албайт деген кескин сынын билдирди.

XS
SM
MD
LG