Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Россияда жасалган “МиГ-21” Индияда кырсыкка учурады


Индиянын түндүгүндө өлкөнүн аба күчтөрүнө караштуу “МиГ-21” учагы кыйроого учурап, кеминде 3 адам набыт болду.
Бул акыркы үч күндөгү экинчи авиакырсык. Полициянын маалымдашынча, МиГдин учкучу катапультту пайдаланып тирүү калган.
Жума күнү “МиГ-23” учагы Пенжаб штатындагы элдүү аймакка кулап, төрт адамдын өмүрүнө забын келтирген; 7 киши жараат алып, бир нече үй өрттөнүп кеткен.
Индиянын коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, соңку он жылда Россияда жасалган 170ке жакын аскерий учак аварияга учураган.

 

XS
SM
MD
LG