БИШКЕК. 10-11-апрелде Казакстандын борбору Астана шаарында кыргыз-казак өкмөт аралык комиссиясынын 3-жыйыны өткөрүлөт. Анда кыргыз тараптын делегациясын биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, ал эми казак тараптын делегациясын бул өлкөнүн энергетика жана минералдык ресурстар министри Владимир Школьник жетектейт. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин Казакстан боюнча адиси Чыңгыз Эгембердиев билдирди. Андан алынган маалыматка караганда, жыйындын күн тартибине коюлчу маселелер азыр такталууда. Кыргыз тарап өкмөт аралык комиссиянын жыйынында транспорттук, соода-экономикалык жана суу-энергетикалык маселелерди талкуулоону көздөп жатат. Ал эми казак тарап газ маселесин чечүүнү жана уран өндүрүү жаатында кызматташуу маселесин жыйындын күн тартибине киргизүүгө ынтызар.