БИШКЕК. «Соттун өкүмүсүз өлүм жазасына тартуу фактылары боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы Астма Жахангир айым менен Женевада жолугушууда Аксы окуясына күнөөсү барларды жазалоо маселесин койдум», - деп билдирди бүгүн «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов. Байсаловдун айтымында ал Женева шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комиссиясынын 59-сессиясына катышуу убагында Астма Жахангир айым менен жолугушкан. Жахангир айым өз кезегинде Аксы окуясынын кандай шартта болгондугун билиш үчүн расмий түрдө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине буга чейин кайрылганын, бирок ага жооп ала электигин белгилеген. Ошондой эле ал Эдил Байсалов менен жолугушуудан кийин бул маселеге кайрадан кайрылаарын билдирген.