Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Чолпонатада бир катар өлкөлөрдүн Акыйкатчылары чогулат


БИШКЕК. 9-11-апрелде Чолпоната шаарында онго чукул мамлекеттин Акыйкатчы институтунун жетекчилери чогулушат. Алардын арасында Польша Омбудсманынын орун басары, Казакстандын, Тажикстандын, Литванын, Азербайжандын Омбудсмандары бар. Чогулуштун максаты - Кыргызстан Акыйкатчысынын ишин уюштурууга көмөктөшүү жана бул багытта өз ара тажрыйба алмашуу. Бул тууралуу маалымат бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн алынды. Жолугушуу БУУнун Онүгүү программасыннын көмөгү менен уюштурулууда. Чолпонатадагы семинарга Кыргызстандын Акыйкатчысы жана анын аппаратынын белдүү кызматкерлери толук катышмакчы.

XS
SM
MD
LG