Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

Таласта «Сорос-Кыргызстан» фондунун көчмө семинары болду


ТАЛАС. Бүгүн Таласта «Сорос-Кыргызстан» фондунун көчмө семинары болду. Фонддун аткаруучу директору Медет Төлөгөновдун катышуусу менен өрөөндөгү бейөкмөт уюмдардын, коомдук бирикмелердин жетекчилери фонддун тийиштүү тармактарынын өкүлдөрү менен маектешип, өз көйгөйлөрүн айтышты. Түштөн кийин Аман Токтогулов атындагы облустук китепканада өткөн «тегерек столдогу» баарлашууда адам укуктарын коргоо, айыл чарба продукциясын сатып өткөрүү жана жер үлүштөрүн алуу маселелери боюнча пикир алышуу болду.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG