Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:36

Саламаттык сактоо министри Баткен облусунда болду


БАТКЕН. Бүгүн өлкөнүн саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов Баткен облусунда болду. Облустук биргелешкен оорукананын жетекчилигинен алынган маалыматка караганда, Миталип Мамытов губернатор Мамат Айбалаев менен жолугушуп, облустагы медицинанын абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү тууралуу пикир алышты. Ошондой эле ал облустук оорукананын абалы, Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен бүткөрүлгөн оңдоп-түзөө иштери жана «Манас-2» улуттук программасынын аткарылышы менен таанышты. Андан соң министр Кадамжай райондук жана Кызылкыя шаардык ооруканаларынын абалын көрүп чыкты.

XS
SM
MD
LG