Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

Улуу Британиялык уюм Нарындагы бейөкмөт уюмдарга гранттык колдоо көрсөттү


НАРЫН. Бүгүн бейөкмөт уюмдардан алынган маалымат боюнча, Нарын облусунун ар кайсы райондорунда иштеп жатышкан 27 бейөкмөт уюмга Улуу Британиянын «Флора жана фауна» аттуу эл аралык уюму долбоорлордун негизинде грант берди. Бул каражаттар негизинен ишкердикти башташ үчүн колдонулат. Грант алышкан 27 бейөкмөт уюм облустук борбордогу «Теңдеш» аттуу коомдук бирикменин жардамы менен уюштурулган. Анын аялдарга кеңеш берүүчү борборлору эми Акталаа жана Атбашы райондорунда түзүлөт. «Теңдеш» коомдук бирикмеси ошондой эле 4 бейөкмөт уюмга компьютердик жабдуу алуу жагынан көмөк көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG