БИШКЕК. 16-19-апрелде кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны Дүйшөмбү шаарында өтөт. Кыргыз тараптын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева жетектейт. Бул тууралуу маалымат бүгүн Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынан алынды. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча эки тараптын биргелешкен алгачкы жыйыны былтыр декабрь айынын аягында Бишкекте өткөрүлгөн.