Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Эл өкүлдөр жыйыны кыймылсыз мүлк салыгын колдоду


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын кезексиз XV сессиясы башталды. Анда «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору кабыл алынып, анын негизинде кыймылсыз мүлккө салык киргизүү колдоо тапты. Бул мыйзамды 28-мартта Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүн сунушу менен кабыл алган. Эми ага президент кол койсо, жарандарга жана юридикалык тараптарга таандык, 500 миң сомдон жогору бааланган кыймылсыз мүлктөн салык алынат. Жарандарга таандык мүлктөн, анын бааланган суммасынан 0,35%, ал эми юридикалык тараптардан мүлктүн 0,95% өлчөмүндө салык алынат. Кезексиз сессиянын күн тартибинде, мындан тышкары, Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча шаар жетекчилигинин отчетун угуу жана башка бир катар маселелер бар. Сессиянын ишине премьер-министр Николай Танаев, каржы министри Болот Абилдаев жана башка өкмөт мүчөлөрү катышууда.

XS
SM
MD
LG