Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Кыргызстан дүйнө коомчулугун Иракта тынчтык орнотууга чакырды


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О’Киф Ирактагы согушка байланыштуу маалымат жыйынын өткөрүшүп, А.Айтматов билдирүү жасады. Ал Кыргызстан мурда эле «Ирак чатагы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине ылайык тынчтык жол менен жөнгө салынышы керек» деген мамиледе болгондугун эске салды. Ошону менен бирге ал согуш аяктагандан кийинки кырдаал БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алкагында жана эл аралык укуктун негизинде жөнгө салынаарына ишенгендигин билдирип, эл аралык коомчулукту Иракта тынчтыкты калыбына келтирүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүүгө чакырды. Мындан тышкары Кыргызстандын тышкы иштер министри Ирактын аймактык бүтүндүгүнүн сакталышын жактап, эгер өлкө кыйраса регионго зор кесепетин тийгизээрин баса белгиледи. Аскар Айтматов эл аралык терроризмге каршы күрөшкөн коалицияда Ирактагы согуштан кийин бөлүнүп-жарылуу болсо, Ооганстанды калыбына келтирүү аракетине терс таасир берээрин айтып, Кыргызстан Ооганстан боюнча антитеррористтик коалициянын жана АКШнын ишенимдүү өнөктөшү экендигин, башка бардык тармактар боюнча АКШнын стратегиялык өнөктөшү болоорун билдирди.

XS
SM
MD
LG