Бул тууралуу ал Британиянын премьер-министри Тони Блэр менен Белфаст шаарынын четинде өткөн жолугушуунун соңунда билдирди. "Иракты кайра куруу иштери – эл аралык коомчулуктун колдоосун жана байкоо жүргүзүүсүн талап кылат. Биз бул багытта Бириккен улуттар уюму жана башка эл аралык мекемелер менен бирге иштемекчибиз", - деди АКШ президенти. Британиянын премьери Тони Блэр Саддам Хусейндин режими биздин көз алдыбызда кулап баратат деп маалымдады. Жолугушууда эки лидер Ирактан башка Жакынкы Чыгыш жаңжалын жөнгө салуу, Түндүк Ирландиядагы тынчтык жараянын маселелерин талкуулашты.
Жорж Буш согуштан кийин Иракты кайра куруу маселелеринде БУУ маанилүү роль ойноорун белгиледи