Президент Акаев өзү баш болуп өткөн ишембиде көчөт тигүүгө чыкканын шейшембидеги “Эркин тоо” гезити жазды. Финляндия жеринин 70% токой ээлеп, ал өлкөнүн ички дүң продуктунун 26% түзөөрүн кеп кылган мамлекет башчы: “Финндер отургузулган көчөттү 70 жыл бою карап, кам көрүп өстүрүшөт, а биз көчөт отургузулган күндүн эртеси унутабыз” деген сыпайы сынын узатты.
Президент жаңы кылымда Кыргызстан мурда кыйылган токойду калыбына келтириши керектигин айтып, жаңы демилге көтөргөнүн шейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезити да жазып чыкты. ”Биз ХХI кылымда кыйылган токойлорду калыбына келтиришибиз керек”, - дейт президент.
Кыргызстанга көчүп келишкен өзбекстандык кыргыздардын абалы ушул эле гезиттеги Дмитрий Ащеуловдун “Үйүңдө “дубалың» деле жардамчы” деген кабарында баяндалган. “Союз ыдырагандан бери Кыргызстанга келген өзбекстандык улутташтарыбыздын саны 3 миңден ашуун. Алардын көбү эмдигиче жарандыкка жетише элек. Өзбекстанда өз эне тилинде билим алуунун, ишке орношуунун, жер үлүшүн алуунун кыйындыгынан жергиликтүү кыргыздар журт которуп келишкен. Кыргызстанга келгендеринин арасында жарандыгын ала электер толтура”, деп маалымдайт Д.Ащеулов.
А.Акаевдин Финляндияга иш сапары ийгиликтүү өткөнү шейшембидеги “Кыргыз туусу” гезитинде да маалымдалды. Басылмада кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатына арналган окумуштуу-адистердин пикирлери жарыяланган. Илимпоз Кадыралы Коңкобаевдин айтымында, Энесай жазма эстеликтеринин 300дөн ашуун үлгүсү бар, бирок аны атайын изилдеген окумуштуу жок. “Аракеттенүү, изденүү, жалпылоо гана керек, - дейт Имел Молдобаев. - Тилекке каршы, биздин илимпоздорубузга андай сапаттар жетишпей жаткандай”. Кыргыздардын орто кылымдардагы тарыхын изилдеген окумуштуу Анварбек Мокеевдин айтымында, элибиздин өткөнү 4 доорго бөлүнөт: байыркы, Энесай, Алтай, Теңиртоо. Тарыхчы Муратбек Кожобековдун пикири боюнча, тарыхый так маалыматтын жоктугунан элдин башы айланган чак. Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгы байма-бай айтылып атса, айрымдар кыргыз тарыхын 4500 жылга жеткирип, бирөөлөрү кыргыздарды шумерлерге, индеецтерге байланыштырып, толгон жоромолдорду чыгарышууда.
«Кыргызстанды 13 жылдан бери бир гана адам башкарып келатат, - деп жазат шейшембидеги «Аалам» гезитинде Арстан Кубат. - Ушул өткөн 13 жыл аралыгында бийликтин оюнчугу болбой, тиреше алгыдай оппозиция түзүлө алган жок». Коммерциялык банктардын бир тобунун банкрот болушуна Улуттук Банктын да күнөөсү бар экендиги Болот Байкожоевдин ушул эле гезитте жарыяланган маегинде баяндалган. Б.Байкожоевдин айтымында, иши жүрүшпөй аткан банктарды көзөмөлдөп туруучу Улуттук Банк убагында чара көрбөйт. Гезитте кыргыздардын дүйнө таанымына арналган «тегерек үстөл» маеги жарыяланган.
Кошмо Штаттардын Ирактагы өкүмзор бийликти аскердин жардамы менен кулатуу аракетин Кыргызстандын укук коргоочусу Топчубек Тургуналиев колдой тургандыгын ачыкка чыгарды. Анын АКШ президентине жазган каты шейшембидеги «Республика» гезитинде жарыяланды. Т.Тургуналиев алдыңкы өлкөлөрдүн бирикме күчтөрү өкүмзор режимдерди бөлүп, аларга экономикалык санкция, сырттан кысым көрсөтүүнү күчөтүшү керек деп эсептейт. Мындай аракет, анын оюнча, Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанга карата да жасалышы керек.
Ирак согушуна каршылык билдирген Бишкек жыйындарына шейшембидеги «Моя столица» гезитинде Александр Ким токтолгон. «8 жылдан бери Орусия Чеченстан менен согушуп атат, эмнеликтен биздеги тынчтыкты жактоочулар орус элчилигинин алдына нааразылык билдирип чыгышпайт? Ооганстан бомбаланып жатканда баш көтөргөн киши жок эле. Ирактагы согушка кабатырланганын озунуп айткан Кыргызстан ушу тапта осол абалда туру, - деп белгилейт автор. - Кошмо Штаттар 12 жыл Кыргызстанга жардам берип келди, эми андай жардамдын болоор-болбосу күмөн».
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Евразиядагы адам укугунун сакталышына арналган докладында Кыргызстандын дарегине бир топ ачуу сын айтканын шейшембиде «Агым» гезити жарыя кылды. «Өкмөт ар түркүн бюрократтык жолдор менен эркин басма сөзгө жана кээ бир бейөкмөт уюмдардын ишине тоскоолдук кылып, кысым көрсөткөн фактылар көп,- дейт АКШнын мамлекеттик катчысы.- Ошондой эле ал чогулуштардын эркин өтүшүнө тоскоол болуп келет». Бийлик саясий окуяларга катышабыз деген жарандарды өлкөдө эркин жүрүү укугунан ажыраткан учурлары, өткөн жылы марттагы демонстрацияда алты адамды атып өлтүрүшкөнү да баяндамада көрсөтүлгөн.