Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:29

Бириккен Улуттар уюму Иракка жиберилүүчү гумжардам сактала турган төрт жайды аныктады


Сирия, Түркия, Иордан жана Кувейт өкмөттөрү менен жетишилген келишимге ылайык, азык-түлүк, дары-дармек жана башка чукул жардам алгач аталган өлкөлөрдүн портторуна жеткирилип, Иракка баруучу жолдор аркылуу ташылмакчы.
Жабдуучу тараптардын айрымдары азык-түлүктү Иракка 12-майга чейин жеткирүүгө даяр экендигин бидиришүүдө. Бирок Бириккен Улуттардын өкүлдөрү гумжардам жеткирүү согуш кырдаалына жараша болоорун эскертишти.
Кечээ Франциянын президенти Жак Ширак АКШны жана Британияны Иракка гуманитардык жардам берүү ишин тездетүүгө чакырды. Ширак Ирактагы гуманитардык кырдаал өтө начар экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG