Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Баткен облусунда СПИД борбору ачылды


БАТКЕН. Облустук биргелешкен оорукананын жетекчилигинен бүгүн алынган маалыматка караганда, учурда жаңыдан ачылган СПИД борборун имарат жана кызматкерлер менен камсыздоо маселеси каралууда. Кыргызстандын башка облустарынын бардыгында иштеп жаткан мындай борбор Баткенде буга дейре облустук санитардык көзөмөл борборунун бөлүмү катарында иш жүргүзүп келген. Жаңыдан түзүлгөн бул борбордо 10 медицина кызматкери эмгектенип, профилактикалык иштерди аткаруу менен коркунучтуу СПИД илдетинин алдын- алуу максатын көздөйт. Баткен облусунда СПИД дартына чалдыккан алгачкы адам 2001-жылы катталган. Ал эми бүгүнкү күндө алардын саны 5 жетти.

XS
SM
MD
LG