Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Кыргызстан Омбудсманы чет элдик эксперттердин кызматына муктаж эмес


БИШКЕК. Кыргызстандын Омбудсманы Турсунбай Бакир уулу бул институтту калыптандыруу процессинде чоң маянага иштөөчү чет өлкөлүк эксперттердин кызматынан баш тарта тургандыгын «Кабар» агенттиги бүгүн билдирди. Ал маалыматка караганда, эгер чет өлкөлүк адистер чакырыла турган болсо ПРООН жана башка эл аралык уюмдар Омбудсман институтун калыптандырууга берип жаткан каражат жетпей калат. Ошондуктан, ал ишке адам укугун коргоо тармагында тажрыйбасы бар, чоң маянасыз эле иштеген жергиликтүү адистерди чакыраарын жана аларды чет өлкөлөрдө окутуп алаарын билдирген. Айтса, Омбудсман жардамчысы ушул эле күнү мындай маалыматты жокко чыгарды.

XS
SM
MD
LG