Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:35

Ислам бийлигине чакырган жазуулар пайда болууда


ЖАЛАЛАБАТ. Базаркоргон районунун акимчилилигинин имаратынын жыйындар залынын дубалына кызыл боёк менен бадырайта жазылган жазуулар эртең менен өчүрүлдү. Дубалга белгисиз адамдар түнкүсүн өзбек тилинде «Америкалык империалисттер, Ирактан колуңду тарт!» деп жазып кетишкен. Райондук мечитке жазылган «Мусулмандар, акимдерге баш ийбей халифатты орнотуу керек!» деген чакырык дагы эле турат. Андай жазуулардын бардыгын ырастабаган район акими Шарап Жакыпов диний экстремизмге каршы райондо жыйналыш өткөнүн маалымдады. Жогоркудай мазмундагы баракчалар кыргыз, өзбек тилинде Жаллабаттын бир нече көчөсүндөгү дубалдар менен бетон мамыларга да чапталган.

XS
SM
MD
LG