НАРЫН. Бүгүн Нарын шаарында Борбор Азия университетинин филиалын курууга ниеттенип жатышкан «Агахан» фондунун өкүлдөрүнөн алынган маалыматка караганда, жергиликтүү бийликтер жалпы аянты жети жарым гектар жерди акт түзүү менен өткөрүп беришти. Өткөрүлгөн аянтта турган эски эки имарат оңдоло баштады жана жакынкы арада окутуу иштери башталат. Учурда Бишкек шаарында болочок окуу жайдын долбоору чийилүүдө. Аталган университеттин филиалында негизинен ишкердикке багытталган кесиптер окутулат. Фонддун өкүлдөрү жергиликтүү коомчулуктун арасында кайсы кесиптерге окутуу пайдалуу деген суроолорго жооп алуу максатында сурамжылоо иштерин жүргүзүшүүдө.