Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Өкмөт башчы Жапония өкүлү менен жолугушту


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев Жапониянын Кыргызстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Сюсуке Ватанабе менен жолугушту. Жолугушууда өкмөт башчысы Сюсуке Ватанабеден Ооганстанды калыбына келтирүү программасына катышуучу өлкөлөрдүн тизмесине Кыргызстанды да киргизүүнү жана Япония жарандарынын Баткен облусуна баруусуна 1999-жылы салынган тыюуну алып салууну өтүндү. Сюсуке Ватанабе бул өтүнүчтү Япониянын туристтик фирмаларына кабарлоого убада берип, Кыргызстандын туристтик зор мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгиледи. Андан тышкары жолугушууда кыргыз-япон экономикалык комиссиясынын жакында боло турган жетинчи биргелешкен отурумун өткөрүү жана кыргыз-япон экономикалык комитетинин иши тууралуу пикир алышуу болду.

XS
SM
MD
LG