Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Дания Борбор Азияда ири долбоорду ишке ашырмакчы


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга келген Дания мамлекетинин өкмөт мүчөлөрүн Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов жана Омбудсман Турсунбай Бакир уулу кабыл алды. Даниялык делегация мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда Дания өкмөтү чөлкөмдө ишке ашырууга ниеттенген көздөп жаткан демократия, миграция, качкындар проблемаларын камтыган долбоорлор тууралуу кеп жүрдү. Бул тууралуу шаршембиде Миграция боюнча эларалык уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Дания өкмөт мүчөлөрү Томас Томсен, Кристиан Серенсен жана делегация мүчөлөрү менен жолугушууда Осмонакун Ибраимов Кыргызстандагы адам укугунун сакталышы, анын мыйзамдык кепилдиктери тууралуу маалымат берди.

XS
SM
MD
LG