Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:02

Ереванда президенттик инаугурация жана ири демонстрация болуп өттү


Армениянын президенти Роберт Кочарян экинчи беш жылдык кызмат мөөнөтүнө расмий түрдө киришип, бүгүн парламентте ант берүү аземи жана ага арналган башка салтанаттар болуп өттү. Ал учурда өткөн айдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы миңдеген армян оппозициячылары Ереванда демонстрацияга чыгышты. Шаардын борборун милиция күчтөрү тозуп алгандыктан, айрым демонстранттар тирүү тосмону жарып өтүүгө аракет жасаганда кагылышуу келип чыгып, бир нече адам жараат алып, айрым оппозициячылар камакка алынды. Нааразылык акциясын президенттик шайлоонун 2-айлампасында уттуруп ийген жана шайлоо бийлик тарабынан катуу бурмаланганын кайталап келаткан Степан Демирчяндын тарапкерлери уюштурушту. Эл аралык байкоочулар да Армениядагы президенттик шайлоо алдын-ала салынган бюллетендер, шайлоочуларды коркутуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолгондуктан, демократиялуу боло албайт деп белгилешкен.

XS
SM
MD
LG