Бардык талапкер өлкөлөр – Кипр, Чехия, Эстония, Венгрия, Латвия, Литва, Мальта, Польша, Словакия жана Словения – Европарламенттин колдоосуна ээ болушту. Орток парламенттин президенти Пэт Кокс бүгүнкү добуш берүү – Европа Биримдигинин тарыхындагы эң маанилүү окуялардын бири деп белгиледи. Эми документти Биримдикке мүчө европалык 15 өлкөнүн улуттук парламенттери ратификациялашы керек. Андан кийин Европа Биримдигине кошулуу маселеси талапкер-өлкөлөрдүн өзүндө бүткүл элдик референдум аркылуу чечилет.
Европа парламенти Евробиримдикке жаңы 10 мүчөнү кабыл алуу жөнүндөгү документти ратификациялады