Комиссиянын өкүлдөрү Ирактагы согуштан жабыр тарткандарга 9 жарым млн евро өлкөмүндө жардам бөлүштөргөнүн жарыя кылды. Еврокомиссиянын гуманитардык жардамдар боюнча басма сөз өкүлү Майкл Куртис каражаттын басымдуу бөлүгү Ирактын түштүгүнө багытталаарын белгилей кетти. "Жардам Ирактын бардык чөлкөмдөрүнө көргөзүлөт, бирок анын негизги бөлүгү согуштан терең жабыр тарткан жана колдоого муктаж өлкөнүн түштүк бөлүгүнө багытталмакчы", - деди Европа Комиссиясынын өкүлү.