Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:58

Йошка Фишер Жакынкы Чыгыштагы сапарын улантууда


Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер бүгүн Палестинанын лидери Ясир Арафат жана башка расмий өкүлдөрү менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Фишер Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу аракеттеринде айрым жылыштар бар экенин белгилеп, бирок аларды чечмелеп айткан жок. Кечээ ал Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон жана президенти Моше Катсав менен кездешип, баарлашкан. Берлиндик башдипломаттын сапары Жакынкы Чыгышта кырдаал чыңалып турган күндөргө туш келди. Бүгүн кечинде жөөт аскерлери палестиндердин Хамас уюмунун жетекчилеринин бирин жана анын орун басарын атып өлтүрүп, беш адамды жарадар кылышкан. Хамас уюму алардын өлүмү үчүн көп күттүрбөстөн өч алаарын эскертти. Шаршембиде палестиндердин Женин калаасына жакын кыштактагы жогорку мектепте бомба жарылып, 30дай студент жараат алышты. Окуя эмнеден келип чыкканы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG