Маалымат агенттиктери АКШнын танктары менен аскерий машинелери Багдаддын борбордук аянтын курчап алганын кабарлашты. Багдадга бир нече багыттан киргизилген коалициялык күчтөрдү катардагы ирактыктар жылуу тозуп алып, "Кош бол, Саддам!" деп шаттана кыйкырып, шаардын чакортосундагы Саддамдын колодон жасалган чоң эстелигин бузуп жатканы маалымдалды. Америкалык командачылыктын өкүлү, генерал Винсент Брукс Багдаддын айрым жерлеринде гана аз-маз атышуулар учурабаса, башкалааны Саддамдын бийлиги көзөмөлдөй албай калды деп билдирди.