Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Түркиянын президенти Ахмед Сезер Евросоюзду сынга алды


Анкараны шаркетке мүчө кылып алуу үчүн Евросоюз жаңы шарттарды койгонго аракет кылып жатат, деп айтты Сезер. Бул үчүн,Сезердин айтымында, Евросоюздагы айрым бир чөйрөлөр Кипр жана түндүк Ирак проблемасын пайдалангысы келишет. Евросоюздун өкүлдөрү мурда эгер Кипр бөлүнгөн бойдон калса Түркиянын союзга алынышы кыйын болорун эскертишкен. Эми Иракта согуш башталган соң Евросоюздун лидерлери Анкараны түрк аскерлерин түндүк Иракка киргизүүдөн сактандырып жатышат.

XS
SM
MD
LG