Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Багдадда кырдаалды ким контролдоп жатканын, өкмөткө эмне болгонун али так кесе айтыш эртелик кыларын белгиледи. Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр Багдаддан келген акыркы кабарларды кушубак маанай менен кабыл алды. Француз өкмөтүнүн өкүлү ирактагы режим кулаган соң бул өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгын эске салып, муну эң кыйын милдет деп атады. Сауд Аравиясынын пикири боюнча, Иракты оккупациялоо иши канчалык тез аяктаса, ошончолук жакшы болмокчу. Иран бийликтери болсо Иракка жайчылык турмуштун нугуна түшүү үчүн дагы кыйла мезгил керек болорун эскертишти.