Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Оюн бүттү, деп билдирди Ирактын ООНдогу элчиси


Нью-Йоркто журналисттер менен жолугуп, Мохаммад ад-Доури Багдадды Саддам Хусейндин режими контролдой албай калгандыгын моюнга алды жана ирак эли эми батыраак баракат турмушка өтсө деп тилек кыларын билдирди. Элчинин сөздөрү иш жүзүндө Багдаддагы режимдин кулаганын ырастаган биринчи ырасмий билдирүү болду. Саддамдын кайда экенине кызыккан соболго жооп берип, ад-Доури андан эч кандай кабары жоктугун жана бир нече күндөн бери Ирак менен байланышы үзүлүп калгандыгын ырастады. Ад-Доури өзүнүн мындан аркы пландары тууралуу эчтеме айткан жок.

XS
SM
MD
LG