Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Жалалабаддын губернатору журналисттер менен жолугушту


ЖАЛАЛАБАД. Жусупбек Шарипов өзү губернаторлукка дайындалган берки бир жыл ичинде облустун саясий, социалдык-экономикалык турмушундагы ийгилик-кемчиликтерди баяндады. Ал, жыл башынан бери салык жыйноонун планы толук аткарылбаганы менен, былтыркыдан 2 миллиард 800 миллион сомдук продукция ашыкча өндүрүлгөнүн айтты. Губернатор сын жазган журналисттердин укугу корголоорун айтып, мамлекеттүүлүктүн 2200 жылдыгында митингдерге мораторий жарыялоонун ылайыктуулугу тууралуу оюн айтып, ал эми массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн окуяларды жана фактыларды калыс чагылдырууга чакырды. Жусупбек Шарипов журналисттер айткан чек ара, күч алып бараткан диний экстремизм маселелерине да токтолуп, тышкы экономикалык байланышта, туризмде, Жалалабад базарында проблемалардын көптүгүн ырастады.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG