Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Улуттук Банктын башчысы, салыктар инфляцияны оорлотпойт деп эсептейт


БИШКЕК. Кыргызстандын шаарларында киргизилип жаткан кыймылсыз мүлккө салык, андан мурдараак айыл чарба азыктарын сатууга киргизилген кошумча нарк салыгы инфляциянын жогорулашына олуттуу таасир тийгизбейт. Бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбанов ушундай пикирин айтты. Анын сөзүнө караганда, салыктарды эсепке алганда, инфляциянын көлөмү жалпысынан жыл ичинде 4,5 %тен ашпайт. Өткөн үч айда Кыргызстан инфляциянын темпи боюнча Казакстандан жогору, Орусиядан төмөн болду. Ал эми өткөн бир жыл ичинде инфляциянын өлчөмү 3,1%ти түздү.
Учурда Кыргызстанда чет өлкөлүк валютанын запасы 324 миллион долларды түзөт. Улан Сарбановдун айтымында, «Кыргызстандагы банк жана банк ишмердүүлүгү» жөнүндөгү мыйзам банк системасынын стабилдүү өнүгүшүн ыңгайлаштырууга тийиш. Жогорку Кеңеш кабыл алган бул мыйзамдын өзгөртүлгөн жаңы редакциясы 1-апрелде күчүнө кирген.

XS
SM
MD
LG