Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Бишкекте туу көтөрүү аземи өткөрүлдү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги борбордук Алатоо аянтында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата туу көтөрүү аземи өткөрүлдү. Ага борбордогу Тоо-кен , Дене тарбия институттарынын жүздөгөн студенттери жана Туризм, спорт жана жаштар маселелери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү катышты. Мындай иш-чара кечээ мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун жана бир катар жогорку окуу жайларынын студенттеринин катышуусу менен алгач ирет өткөрүлгөн эле. Туу көтөрүү аземинен кийин жогорку окуу жайларынын жетекчилери өлкөдө ынтымакты сактоо, мамлекеттүүлүктү барктоо туурасында сөз сүйлөштү.

XS
SM
MD
LG