БИШКЕК. Ысыккөл районундагы Өрнөк айлынын тургуну Досумбай Дүйшалиев Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна мамлекет башчысы Аскар Акаевге каршы доо арыз менен кайрылды. «1999-жылы «Ынтымак» айыл чарба кооперативин жоюуда мамлекеттик органдар тарабынан кетирилген кемчиликтерге жана анда менин арнамысыма, укугума келтирилген зыяндарга мамлекет башчысы катары Аскар Акаев жооп берүүгө тийиш. Тарткан моралдык зыяным үчүн президенттен менин пайдама 10 млн. сом өндүрүп берүүнү жана кечирим суроону камсыз кылууну өтүнөм», деп жазылган анын Биринчи Май райондук сотуна бүгүн жолдонгон арызында. Досумбай Дүйшалиев «Ынтымак» кооперативиндеги чатактарга байланыштуу адилеттик издеп 2000-2001-жылдары Бишкекке карай ачкачылык жарыялоо менен жөө жүрүш акцияларын жасаган.