Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Кыргыз саясатчылары Ирактагы соңку кырдаалга карата ар кандай пикир айтышууда


БИШКЕК. АКШ баш болгон аскерий коалиция Багдадга киргенден кийинки Ирактагы жагдайга карата Кыргызстанда ар кыл көз караштар айтылууда. Маселен, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери Азимбек Бекназаров Багдаддагы азыркы жагдай чабуулчулар тарабынан атайын уюштурулуп жатат деген ойдо. «Талап-тоноонун баарын Америка өзү уюштуруп атат. Америка өзү ачык айтпадыбы, «маалымат согушун күчөтүш» керек деп. Уюштуруп атышат. Кечээ телеберүүдөн көрдүм, бир жипти Саддам Хусейндин мойнуна салып алып, кайра-кайра көрсөтүп атат. Бул өзү жасалма да. Согуштун бир түрү», - деди Бекназаров. Ал согуштун бардык түрүн, анын ичинде мамлекеттин ички ишине кийлигишүүнү колдобой турганын кошумчалады.
Ушундай эле көз карашты жактаган коммунисттер партиясынын мүчөсү, депутат Орозбек Дүйшеев: «Бул согуш канчалаган тарыхый эстеликтерди, байлыкты талкалады, элдин азабына түштү. Бир мамлекеттин бир нече жылдык байлыгы талкаланды», -дейт. Анын пикиринде, Иракка каршы күчтөрдүн ар бири эми ал жерде өз таасирин күчөтүүгө аракет кылат.
Ал эми «Демократия жана жарандык коом» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун ою боюнча, авторитардык Иракка сокку уруу менен АКШ туура кадам жасагандыгын ал өлкөдөгү бүгүнкү жагдай дагы бир ирет ырастоодо. Анын көз карашында, эми Иракта авторитардык режимден кутулуп, демократиялык өлкө катары кайра жаралууга шарт түзүлдү.

XS
SM
MD
LG