БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстан менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамиленин 10 жылдыгына байланыштуу экинчи «тегерек стол» жыйыны өткөрүлдү. Ага Иран тараптан бул мамлекеттин тышкы иштер министринин орун басары Алиреза Моайери баш болгон 5 кишиден турган делегация, кыргыз тараптан билим жана маданият министри Ишенгүл Болжурова, тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаев жана башка расмий өкүлдөр катышты. Жыйында тараптар өз ара урматташуу, түшүнүшүү жана тең өнөктөштүк алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешти. Ал эми Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруу жалпы региондун кызыкчылыгында экендигин белгиледи. Иран делегациясы жума күнү Бишкек гуманитардык университетинде болмокчу.