Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Түркмөнстан менен Орусиянын президенттери жаратылыш газын биргелешип иштетүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту


Москвада кол коюлган макулдашуу 25 жылга эсептелинген. Андан тышкары Сапармурат Ниязов менен Владимир Путин эки өлкө ортосунда коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндөгү макулдашууну бекитип, түбөлүк достук жөнүндөгү келишимди ратификациялаган протоколго кол коюшту. Түркмөн президентинин сапарын утурлай, Түркмөнстандын Москвадагы элчилигинин алдына 30дай активист плакаттарды көтөрүп алып пикетке чыгышты. Алар Орусиянын өз өлкөсүндө адам укуктарын урматтабаган түркмөн президенти менен кызматташуусун сындап, Кремлди Ниязовдун талабы боюнча Орусияда башпааналап жүргөн түркмөн оппозициячыларын Ашгабатка өткөрүп бербөөгө үндөштү.

XS
SM
MD
LG