Багдадда Саддамдын уул-кыздарынын, жакын туугандарынын заңгыраган сарайлары, вице-премьер-министр Тарык Азиз жана армия башчыларынын үйлөрүн эл заматта эч нерсе калтырбай, тазалап кеткени кабарланууда. Андан тышкары чет мамлекеттердин элчиликтери, өкмөттүк мекемелердин имараттары таланып-тонолду.