Бул тууралуу АКШнын Ташкендиги элчиси Жон Хөрбст билдирди. Америкалык элчинин пикири боюнча, Өзбекстанда эркин граждандык коом түзүлө элек, өлкөдө сөз эркиндиги, саясий плюрализм жок, милиция,прокуратура органдарынын зомбулугуна чек койгон мыйзамдар кабыл алына элек. Өзбекстанда бир канча киши жакында камакка алынып, абак жайында набыт болушкан эле. Мындан тышкары америкалык элчи Өзбекстанда журналисттер менен укук коргоочу активисттерди такай куугунтуктап турган практиканы белгилеп көрсөттү.