Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Европа соту франциялык улутчулдардын лидери Ле Пендин арызын алымсындырган жок


Тескерисинче,сот чыгарган бүтүмдө Ле Пендин депутаттык мандатын токтоткон Европарламенттин чечими тастыкталды. Ле Пен бул чечимге даттанып, сотко кайрылган. Соттун бейшемби күнкү чечимине ылайык, Франциянын улуттук фронтунун лидери эми Европарламентке кире албайт. Бирок ал биринчи инстанциядагы соттун чечимин Европалык жогорку сотто даттана алат.

XS
SM
MD
LG