Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Кошмо Штаттары Ирактан соң кайсы бир өлкөлөргө кол салганга ниеттенбейт


Кээ бир маалымат каражаттарында Иран жана Сирия АКШнын кезектеги аскерий бутасы болушу мүмкүн деген божомолдор пайда болгон эле. Муну четке кагып, мамлекеттик катчы Колин Пауэлл Вашингтондун мындай пландары жоктугун бышыктады. Ошону менен бирге Пауэлл Ирактын тажрыйбасы массалык кыргын салуучу куралдарды түзүүгө умтулуп, террористтерге колдоо көрсөтүп жаткан катар режимдерге сабак болот деген ишеничин билдирди. Пентагондун башчысы Рамсфелд кечээ Сирияны Ирактын мурдагы жетекчилерине жардамдашып жатат деп айыптаган эле.

XS
SM
MD
LG