Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Күрт отряддары түндүк Ирактагы Мосул шаарын камалай баштады


Аларга америкалык атайын күчтөр колдоо көрсөтүүдө. Мосулду коргоп турган күчтөргө каршылык көрсөтпөй багынып берүү жөнүндө шарт коюлду. Айрым маалыматтарга караганда, ирак аскерлеринин бир топ бөлүктөрү куралдарын өткөрүп бере баштады. Ал эми Багдаддын айрым кварталдарында үзүл-кесил уруштар жүрүп жатат. Кечээ шаардагы мечиттердин бириндеги кагылышта америкалык бир деңиз жоокери окко учту, 20дай солдат жарадар болду. Коалициялык күчтөр Тикрит шаарына жакын районго топтоштурулууда. Айрым түкшөмөлдөр боюнча, Саддам Хусейн өзү туулган ушул шаарга келип жашынышы да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG