Ирак согушун башкарган америкалык генерал Томми Фрэнкс 11-апрелде Кабул шаарына келип, Ооганстан аймагында жашынган эл аралык торрорчуларга каршы күрөш унутта калган жок деп жарыялады. Анын айтымында, Ооганстан менен Иракта аракеттенген эл аралык аскерлер жана алардын аракеттери ортосунда өтө деле айырмачылык жок, анткени эки мамлекет тең эл аралык террорчулардын түнөгүнө айланган. Генерал Фрэнкс ошол эле күнү кайрадан Катар мамлекетинде жайгашкан борбордук аскерий ордого кайтып келди.