Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:26

Ирактын Киркук шаарын басып алган күрттөр андан чыгып кетүүгө даярданууда


Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарын басып алган күрт аскерлерине америкалык жетекчилик шаардан чыгып кетүүгө буйрук берди. "Күртстандын патриоттук бирикмеси" деп аталган уюмдун аскерий жетекчиси генерал Мам Ростамдын айтымында, күрт кошуундары Киркуктан бүгүн же эртең чыгарылат: "Биз азыр америкалык жетекчилерди күтүп атабыз, алар шаарга келгенде, биз өз күчтөрүбүздү Киркуктан чыгарып кетебиз. Шаардын жаңы жетекчилигин түзүү үчүн америкалык генералдар Киркукта жашаган бардык элдин өкүлдөрү менен жолугууга тийиш, алар - күрттөр, арабдар, ассириялыктар, түркмөндөр жана башкалар". Кошуна Түркиянын пикиринде, Ирактын түндүгүндөгү шаарларды күрттөр басып алса, алар өз алдынча мамлекет түзүүгө да аракеттениши мүмкүн жана ал аракеттер түркиялык күрттөргө да жайылып кетиши ыктымал. АКШ жетекчилиги буга чейин бир нече жолу Анкарага андай болбой тургандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG