Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Кыргызстан коопсуздук чараларын көрүүгө киришти


БИШКЕК.Кыргызстанга келип жаткан жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында чет өлкөлүктөрдүн өлкө ичинде жүрүү эрежелери иштелип жатат. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын «Кылмыш кодексине», «Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодекске», туристтик фирмалардын уставдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, чет өлкөлүк элчиликтердин, консулдуктардын имараттарын, чет өлкөлүк жарандар көп жашаган турак жайларды кайтарууну күчөтүү маселелери күн тартибине коюлууда. Мындай маалыматты бүгүн вице-премьер министр, Бишкек-Торугарт окуясы боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Кубанычбек Жумалиев Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынында жасады. Жумалиевдин айтымында, коопсуздук чараларын тышкы жана ички иштер министрлиги менен кырсыкты иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиясы биргелешип иштеп жатат. Мындай кадамдар акыркы учурда кайталана баштаган чет өлкөлүк жарандарга байланыштуу кайгылуу окуяларды болтурбоо максатын көздөйт. Анткени, 27-мартта болгон Бишкек-Торугарт жолундагы кайгылуу окуя чет өлкөлөрдө, айрыкча Кытай Эл республикасында резонанс жаратууда, дейт вице-премьер-министр.

XS
SM
MD
LG