Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Иракта олуттуу гуманитардык кризис жок


Вашингтондогу пресс-конференцияда Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер акыркы күндөрү Иракка азык-түлүк жана башка өтө зарыл товарлар үзбөй жеткириле баштаганын ырастады. Ирак калкына жардам көрсөтүүнү президент Буш эң маанилүү милдет катары эсептейт,деп айтты Флейшер. Ошол эле учурда ал бир катар райондордо азык-түлүк каатчылыгы күч алып, таза суу жана дары-дармек тартыш болуп жаткандыгын моюнга алды. Ирак шаарларындагы талакей жана тон-тономой иштери токтотула тургандыгына ишендирип, Флейшер талаан-бүлүндү Саддам Хусейндин режими үйрөткөн үйүттүн салакасы деп атады.

XS
SM
MD
LG