Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:22

Иракты кайра тикелөө ишинде ООН башкы ролду ойноого тийиш


Бул тууралуу Санкт-Петербургда жолугушуп,Россиянын, Франциянын жана Германиянын лидерлери билдиришти. Жак Ширак, Герхард Шрөдөр менен биргелешип өткөргөн пресс-конференцияда Владимир Путин аскерий операцияга каршы чыгышкан бул үч өлкөнүн позициясы баштагыдан өзгөрүп кеткен жок деп ырастады. Үч өлкөнүн лидерлери гуманитардык проблемаларды чечүүнүн зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушуп, Багдаддын карызын кечүү боюнча консультацияларды баштоого даяр экендигин белгилешти. Эл аралык укук системасын калыбына келтирүү үчүн биз баарыбыз, Кошмо Штаттары жана Улуу Британия менен биргелешип колдон келгендин баарын жасоого тийишпиз, деп айтты Путин.

XS
SM
MD
LG