Бул жерде, атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин – МАГАТЭнин маалыматтарына ылайык,бир канча тонна байытылбаган уран сакталат. Урандын мындай түрүн аскерий максаттарга колдонууга болбойт, ошол себептен Иракка аларды атомдук борбордо кармаганга уруксат берилген. МАГАТЭнин директору Мохаммед ал-Барадейди Вашингтон администрациясынын өкүлдөрү аталган борбордун коопсуздугу камсыз кылынат деп ишендиришти.