Ирак диктатору туулган бул шаарга киргенге коалициялык күчтөр акыркы камылгаларды көрүп жатышат. Өткөн күнү америкалык аскерлер менен күрт отряддары түндүктөгү Мосул шаарын алышты. Шаарды коргоп жаткан ирак дивизиясы каршылык көрсөтпөстөн багынып берди. Жетишилген макулдашууга ылайык, ирак солдаттары үйлөрүнө кое берилди. Мосулдан мурда түндүк Ирактагы мунайлуу экинчи шаар - Киркук америкалык атайын күчтөрдүн колуна өткөн эле. Күрт отряддары эки шаарды тең калтырып кеткенге макул болушкан эле. Бирок Киркук менен Мосулдагы массалык каракчылыкка жана талаан-бүлүнгө байланыштуу дагы кармалганы жатышат. Алар америкалык аскерлер аталган шаарларда коомдук тартипти камсыз кылганда гана кетише тургандыгын айтып жатышат.