Кытай жетекчилигинин айтымында, өпкөнүн өзгөчө кагынынан өлкөдө 60 адам кайтыш болду жана акыркы эки өлүм - Кытайдын түндүгүндөгү Ички Монголия провинциясында катталды. Бул жаңы оору алгач Кытайдын түштүк аймактарында чыккан жана медиктер ага каршы даба табалбай жатат. Илдеттин таралышы Гонкоңг менен Сингапурдан башталды жана оорудан жакында Индонезия менен Филиппинде да адамдар өлдү. Бардыгы болуп дүйнөдө эки-үч аптанын ичинде өпкөнүн өзгөчө сезгенишинен 114 адам өлдү, 20 мамлекетте аны менен ооруган үч миңге жакын адам катталды.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Нарын АЙЫП, Прага
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Нарын АЙЫП, Прага