Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:04

Нарын облусундагы көлдөргө жана көлмөлөргө пелядь балыгынын чабактары кое берилди


НАРЫН. Нарын облусунун ихтиологу Эсен Абышевден бүгүн алынган маалымат боюнча, пелядь балыгынын чабактары Каракол шаарындагы балык заводунда өстүрүлгөн жана алардын жалпы саны 2 миллиондон ашат. Чабактар биринчи кезекте Соңкөлгө, Атбашы ГЭСинин көлмөсүнө, Атбашы айылындагы көлмөгө, Жумгал районундагы Башкууганды көлмөсүнө, Акталаа жана Кочкор райондорундагы кичи көлдөргө кое берилген. Чабактардын мындан аркы өсүшүнө өлкөнүн Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы балык өстүрүү борборунун адистери көзөмөл жүргүзүп турушат.

XS
SM
MD
LG